• Башкы бет
  • Садыр Жапаров социалдык инфраструктура менен таанышты
16:54, -ж., 27-август

Садыр Жапаров социалдык инфраструктура менен таанышты

Садыр Жапаров социалдык инфраструктура менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Максат айылынын социалдык объектилерин — милиция пунктун, фелдьшердик-акушердик пунктту, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты.

Мындан сырткары, президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселесин ыкчам чечип беришкендиги үчүн мамлекет башчысына жана өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын айтышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...