
13:16, 2021-ж., 27-август
Ошто фермерлердин катышуусунда семинар болду

Ош облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда кечээ, 26-август күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, райондук мамлекеттик администрация жетекчилеринин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагындагы мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда Айыл чарба тармагы боюнча семинар болуп өттү.
Иш-чаранын максаты- айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жаӊы технологияларды колдонуу, үрөн чарбалардын, кооперативдердин, дыйкан фермерлердин билим деӊгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу жана ата мекендик өндүрүштөгү жер семирткичтерди жайылтуу болуп эсептелет.
Ош облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев: “Акыркы жылдарда глобалдык климаттын өзгөрүшү менен жалпы республикада, анын ичинде облустун аймагында туруксуз аба ырайы байкалып жатат. Анын натыйжасында сугат суунун тартыштыгынан айыл чарбасы зыян тартууда. Андыктан жаӊы технологиялык тамчылатып, жамгырлатып суугаруу, шарты катаал бийик жерлерге сууну бүрктүрүп суугаруу системаларын пайдалануу учурдун талабы. Албетте, бул системаны өнүктүрүүдө дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүүнүн мүмкүнчүктөрүн кароо керек”-деди.
Семинарда ата мекендик өндүрүштөгү “Гумат KG” аталыштагы табигый чийки заттан даярдалган, экологиялык таза, Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азиянын гумусу кем айдоо жерлерине ылайыкташкан жер семирткич презентацияланды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер