• Башкы бет
  • Темирлан Султанбековдун унаасына ок атылганы айтылууда
16:51, 2021-ж., 26-август

Темирлан Султанбековдун унаасына ок атылганы айтылууда

Темирлан Султанбековдун унаасына ок атылганы айтылууда

Социал-Демократтар» партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков унаасына тапанчадан ок атылганы тууралуу маалыматты социалык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялады. Бул тууралуу "Акипресс" агенттиги жазды.

Анын айтымында, окуя 26-августта саат 01:20да жумушуна байланыштуу жолугушуудан кайтып бара жатканда болгон.

Т.Султанбеков белгилегендей, белгисиз адамдар унаанын ал дайыма отуруучу тарабына ок чыгарган.

«Ок так атылып, үнү катуу чыкты. Айдоочум унаанын ылдамдыгын дароо жогорулатып кетти. Бр сааттан кийин кандайдыр бир из табыш үчүн кайра окуя болгон жерге барганбыз. Ал жакта айнектин сыныктары жаткан. Бактын артында адам турганы көрүнүп жатты. Ал тарапка камера коюлганда качып кетти», - деп жазды Т.Султанбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...