
16:40, 2021-ж., 26-август
Чет элдик валютаны мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 22-августа экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы аныкталды.
"Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-ж.т. Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалды.Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды",-деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер