• Башкы бет
  • Бир мандаттуу шайлоо системасында шайлоо огругдары кандай бөлүнөт?
15:14, 2021-ж., 26-август

Бир мандаттуу шайлоо системасында шайлоо огругдары кандай бөлүнөт?

Бир мандаттуу шайлоо системасында шайлоо огругдары кандай бөлүнөт?

Борбордук шайлоо комиссиясындагы жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо системасындагы шайлоо округдарын бөлүштүрүү боюнча бир катар жолдорду карап жатат. Бул тууралуу "Акипресс" агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын жаңы система менен шайлоого жол ачкан мыйзам долбоору депутаттар тарабынан 28-июлда кабыл алынган. Азырынча президент кол коё элек.

"Мыйзам долбоорун карасак, парламентке келүүчү 90 депутаттын ичинен 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялардан шайланат",-деп айтылат маалыматта.

36 мандатты бөлүштүрүүдөгү болжолдуу сандар:

Ош шаары жана Ош облусу боюнча — 9 мандат;

Жалал-Абад облусу боюнча — 7 мандат;

Чүй облусу боюнча — 6 мандат;

Бишкек шаары боюнча — 4 мандат;

Ысык-Көл облусу боюнча — 3 мандат;

Баткен облусу боюнча — 3 мандат;

Талас облусу боюнча — 2 мандат;

Нарын облусу боюнча — 2 мандат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...