• Башкы бет
  • Президент Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүн бекитти
13:59, 2021-ж., 25-август

Президент Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүн бекитти

Президент Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүн бекитти

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын президенти — коопсуздук кеңешинин төрагасы;

- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары (Таалатбек Масадыков);

- Коопсуздук кеңешинин катчысы (Марат Иманкулов);

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

- Жогорку Кеңештин төрагасы (Талант Мамытов);

- Министрлер кабинетинин төрагасы (Улукбек Марипов);

- Президенттин администрация башчысы (Сүйүнбек Касмамбетов);

- мамлекеттик катчы (Чолпонбек Абыкеев);

- башкы прокурор (Курманкул Зулушев);

- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Таалайбек Өмүралиев);

- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Руслан Казакбаев);

- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Бообек Ажыкеев);

- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Улан Ниязбеков);

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси (Камчыбек Ташиев).

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...