• Башкы бет
  • Кара-Сууда жол кырсыгынан улам бир келин каза болду
13:56, 2021-ж., 25-август

Кара-Сууда жол кырсыгынан улам бир келин каза болду

Кара-Сууда жол кырсыгынан улам бир келин каза болду

Кечээ, 23-август күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылында жүк ташуучу унаа менен «Дэу Тико» унаасын сүзүп, айдоочунун жубайы каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан тастыктады, деп жазды "Турмуш" басылмасы.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:00 чамасында Жаңы-Турмуш айылына кире беришинде болгон.

«1989-жылы туулган К.И. өзүнүн «Мерседес-Бенц Варио» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, өз жолунда келе жаткан «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Натыйжада «Дэу Тиконун» 1983-жылы туулган айдоочусу С.Т. менен анын жанында жүргүнчү болуп бара жаткан аялы, 1987-жылы туулган М.М. алган жаракатынына улам Ош облусттук ооруканасына жеткирилген. Айдоочунун жубайы алган жаркатынан улам каза болгон. Алар Өзгөн районунун Зергер айыл аймаагынын Токтогул айылынын тургундары», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...