
13:53, 2021-ж., 25-август
Ош облусунда жылкыларды каттоо иши башталды

Ош облусундагы райондордо жылкылар идентификациядан өтүп, чип басыла баштады. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Орозбек Ибраимов билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
Анын айтымында, облустун аймагында 100 миңге жакын жылкы бар.
«Учурда Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жайлоо шартында жылкыларга чип басылып жатат. Бүгүн Кара-Суу, Алай райондоруна барып, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Быйылкы жылы жылкылар, жаңы туулган бодо мал идентификациядан өтөт. Малга тагылып жаткан чип үчүн мал ээси 170 сом, ветеринар дарыгерге 100 сом төлөйт. Малдын кулагына тагылган чиптеги маалымат мал ээсинин маалыматы менен кошо атайын интернет базага жүктөлөт», - деди Ибраимов.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер