
10:01, 2021-ж., 25-август
7 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

21-августта Кара-Суу районунда 7 жашар кызды унаасы менен коюп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалым болгондой, 21-август күнү «Кара-Суу» базарынын жанында Ош шаарынын 2014-жылы туулган тургуну М.С.ны белгисиз айдоочу белгисиз үлгүдөгү унаасы менен коюп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Жабыркаган кыз Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя Кара-Суу РИИБдин кылмыштарды каттоо журналына катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жол боюна коюлган видеокамералар текшерилип, кызды күмүш түстөгү «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа койгону аныкталган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө айдоочу Кара-Суу шаарынын 1958-жылы туулган тургуну И.М. экени такталып, Кара-Суу шаарындагы өзү жашаган үйүнөн табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер