• Башкы бет
  • Таласта мурунку депутат алдамчылык менен кармалды
09:43, 2021-ж., 25-август

Таласта мурунку депутат алдамчылык менен кармалды

Таласта мурунку депутат алдамчылык  менен кармалды

Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты Ж.С. кармалды. 

Экс-депутат Ж.С., 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган экс-депутат Ж.С. 2021-жылдын 18-октябрына чейин КР УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун "Менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн инвесторлорду коргоо, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...