
17:17, 2021-ж., 24-август
Миллионго жакын акча уурдаган жаран кармалды

Араван районунда ири өлчөмдөгү акча уурдаган 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, 5-август күнү Араван районунун тургуну 31 жаштагы жаран М.С., арыз менен кайрылган анда: А.Анаров айыл аймагында жайгашкан өзүнүн үйүнөн 780 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз атуулдар уурдап кеткенин билдирген.
"Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрушкө алынып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталган. Ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө 2021-жылдын 15-август күнү Өзгөн районунун тургуну 34 жаштагы А.Т., аттуу жаран кармалган. Ал 2021-жылдын 4-август күнү саат 11:00 чамасында Араван районунун А.Анаров айыл аймагында М.С.-ге таандык жогорудагы даректеги үйдүн ичине кирип 720 миң сом, 60 миң рубль, жана жалпы баасы 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткен",-деп айтылат маалыматта.
Натыйжада жабырлануучуга материалдык жактан 880 миң сомдук зыянга учураганы аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмышка шектүү А.Т., 2021-жылдын 17-август күнү шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү бөгөт коюу чарасынын камакка алу түрү 1 айга камакка алуу түрү тандалып алынды. Тергөө амалдары уланууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
6
live comments feed...
Комментарийлер