
17:00, 2021-ж., 24-август
Чүй облусунун Москва районундагы жетекчи пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда УКМК тарабынан коррупциянын көрүнүштөрүн демонтаждоо боюнча иштердин алкагында, Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан калктан системалуу түрдө акча талап кылуу менен көрсөтүлгөн кылмыш схемасы аныкталды.
"Тактап айтканда, 2021-жылдын 23-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, ыкчам-тергөө тоб пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызмат адамы «А.И.Э.» кармашкан",-деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы тзп алган. Жалпысынан ушул сыяктуу 50дөн ашык фактылар аныкталды.
Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер