13:40, 2021-ж., 24-август

АРИСтин Ош облусунда кеңсеси ачылды

АРИСтин Ош облусунда кеңсеси ачылды

АРИСтин Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун кеңсеси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кеңсенин ачылуу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басарлары, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, АРИСтин өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери катышты.

АРИСтин Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун максаты- Дүйнөлүк Банк тарабынан Кыргыз Республикасындагы туризм жана айыл чарба тармагына багытталган иш-чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүнү күчөтүү жана Ош облусунун, Ош шаарынын институтционалдык потенциалын көтөрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Аталган 60 миллион долларлык долбоор пилоттук негизде Ош облусунун бардык айылдарында, айыл аймактарында, чакан шаарларында, райондорунда жана Ош шаарында 2021-2026-жылдары ишке ашырылат

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...