• Башкы бет
  • Өзбекстандык ишкерлер Ош шаарына келди
13:36, -ж., 24-август

Өзбекстандык ишкерлер Ош шаарына келди

Өзбекстандык ишкерлер Ош шаарына келди

Бүгүн, 24-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Мухтор Умаров баштаган Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрүн кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген. Ошондой эле жыйынга Кыргызстандагы “Датка Холдинг” корпорациясынын кызматкерлери катышты. 

Жолугушуунун алкагында калаа башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыктар экендигин билдирди. 

Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбаш керек. Мындан ары тынымсыз бири бирибиз менен кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы”, -деди А.Мамбетов

Белгилей кетсек, аталган иш-чара КРнын Президенти Садыр Жапаровдун инвестиция тартуу боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат. 25-августка чейин Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...