• Башкы бет
  • Оштун милициясы ММКда жарыяланган макала боюнча түшүндүрмө берди
10:38, 2021-ж., 24-август

Оштун милициясы ММКда жарыяланган макала боюнча түшүндүрмө берди

Оштун милициясы ММКда жарыяланган макала боюнча  түшүндүрмө берди

"Akipress.orq” интернет тарманы аркылуу жарыяланган “Өзгөн РИИБнүн УКЖнын камерасында бир айдай камакта олтурган жаш өспүрүм жөнүндөгү” макала тууралуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды.  Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, 20.08.2021-жылы саат 11:00 чамасында кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери тарабынан Өзгөн РИИБнүн УКЖда текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен УКЖда жашы жете элек өспүрүм К.уулу Н. 25 күндөн бери УКЖ мыйзамсыз кармалып жаткандыгы, андан сырткары УКЖнын камераларында 4 адамдан кармалгандыгы, кармоочу камералардын өлчөмү 2,3 кв. м. түзүп, ал эми мыйзам боюнча 3,25 кв.м. түзүлүүсү белгиленгендигин, ошондой эле УКЖ камералары жана дубалдары санитардык нормаларга жооп бербегендиги, дезинфекция иштери 16-июнунда болгондугу тууралуу айтылган.

 Ал эми кайталап текшерүүдө аныкталгандай 20.08.2021-жылы Өзгөн РИИБнүн УКЖда жалпы 5 камера жайгашып, 1- камерада күзөт журналына ылайык эч ким жок экендиги, ал эми 2- камерада Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-ст. шектүү жашы жете элек өспүрүм К уулу Н (сотун карамагында), Кыргыз Республикасынын 138-ст. шектүү С. Ж, И. Д (тергөөдө), Кыргыз Республикасынын 200-ст. шектүү С угли (тергөөдө) олтурушкандыгы аныкталды, ал эми 3-камерада Кыргыз Республикасынын ЖКнин 268-ст. шектүү О. Д(аял киши) (тергөөдө), 4- жана 5-камераларда эч ким жок экендиги аныкталды.

Жогорудагы жашы жете элек өспүрүм К уулу Н сот процессине камсыз кылуу максатында этап болгондугу, ал эми шектүү С. Ж, И. Д, О. Д(аял киши) тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн СИЗО-25 мекемесинен этап болушкандыгы аныкталды.

19.06.2021-жылы шектүү К уулу Н Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-ст. шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү Өзгөн РИИБнүн УКЖна киргизилген.

Өзгөн райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен шектүү К. уулу Н кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, анын бөгөт коюу чарасы 2 айга т.а 19.08.2021-жылга чейин камак түрү тандалып Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине кармоо жагы белгиленген.

Өзгөн райондук сотунун токтому менен шектүү К уулу Нга бөгөт коюу чарасы эки айга узартылып, т.а. 2021-жылдын 12-сентябрына чейин узартылып, кармоо жагы Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине кармоо жагы белгиленген.

Сот отуруму 26.07.2021-жылдын 26-июль, 28-июль, 5- август,12-август 28.07.2021-жылы, , 18-август күндөрү дайындалып ал күндөрү тараптар камсыз болбогондуктан шектүү К уулу Н Өзгөн РИИБнүн УКЖда 20.08.2021-жылга чейинки аралыкта кармалып турган.

Белгилеп кетчү жагдай 20.08.2021-жылы кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда жогорудагы шектүүлөр Өзгөн РИИБнүн УКЖда кармалып, ошол эле күнү саат 14:00 кайра СИЗО-25 мекемесинин этап болушкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Өзгөн РИИБнүн УКЖда жашы жете элек өспүрүм шектүү К уулу Н мурда соттолгон жарандар менен бирге кармагандыгы, кармоонун он күндүк мөөнөтү өткөзгөндүгү боюнча жана УКЖда санитардык нормалары бузулгандыгы боюнча Ош областтык ИИБнын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө дайындалып текшерүү жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...