
10:32, 2021-ж., 24-август
Алайда жоголгон өспүрүм кыз, Оштон табылды

Алай районунда 16 жаштагы дайынсыз жоголгон кыз таабылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Алай РИИБдин ыкчам иликөө кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Кубаткулова Аиза Руслановна 2021-жылдын 23-август күнү Ош шаарынын Араванский кичи районунун көчөлөрүндөгү үйлөрдүн биринен табылды.
"Ал жакындарына таарынып, үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган. Аизанын ата-энеси мындан бир топ жыл мурда ажырашып кеткендигине байланыштуу, таята-таенесинин колунда чоңоюп өскөн. Өзүнүн апасы РФнын аймагында көп жылдан бери эмгектенет, азыркы учурда убактылуу Алай районундагы социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды жана алар өзүнүн апасына өткөрүп беришет. Өзүнүн апасы 2021-жылдын 28- август күнү РФнын аймагынан Кыргызстанга келээрин айткан.",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2021-жылдын 22-июль күнү Алай РИИБге Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургуну 1965-жылы туулган Сарыбаева Орункан арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында, 2021-жылдын 22-июль күнү болжол менен саат 10:30 чамасында небереси 2005-жылы туулган К.А. Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылындагы өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер