• Башкы бет
  • Президент "Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду
10:20, -ж., 24-август

Президент "Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент "Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

"Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.

Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

"Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт",-деп айтылат маалыматта.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...