• Башкы бет
  • Ош облусунда жыныстык оорулар менен кайрылган жарандардын саны өстү
10:16, 2021-ж., 24-август

Ош облусунда жыныстык оорулар менен кайрылган жарандардын саны өстү

Ош облусунда жыныстык оорулар менен кайрылган жарандардын саны өстү

Ушул жылдын 6 айында Ош облустук адам репродукциясы борборуна 10 миң 197 адам ар кандай жыныстык оорулар менен кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришкенин "Турмуш" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, аталган борборго жарым жылда кайрылгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 682 адамга көп.

«Ушул жылдын 6 айында 6 миң 77 аял кайрылган болсо, былтыркы жылы 6 миң 255 аял кайрылган. Ал эми ушул жылдын 6 айында 4 миң 120 эркек кайрылган болсо, былтыркы жылы 3 миң 260 эркек кайрылган. Ушул 6 ай ичинде кайрылган эркектердин ичинен 520сы жыныстык алсыздык, 420 эркек тукумсуздук, 495 эркек репродукциясы бузулганы боюнча кайрылган», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...