• Башкы бет
  • Суусамырдагы жол кырсыктан улам 9 адам каза болду
10:12, 2021-ж., 24-август

Суусамырдагы жол кырсыктан улам 9 адам каза болду

Суусамырдагы жол кырсыктан улам 9 адам каза болду

Бүгүн, 23-августта Суусамырда 9 адамдын өмүрү кыйылган унаа кырсык айдоочунун уктап кетишинен улам болгону болжолдонууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда Чүй облустук ЖККБнын берген маалыматына караганда, кырсык бүгүн саат 16:20 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 201-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Хонда Степвегон» унаасы менен оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Хонда Степвегон» унаасынын ичиндеги бардык 9 адам тең каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Вольвонун» айдоочусу «Хонда Степвегондун» айдоочусу уктап кетиши мүмкүн экендигинн айткан. Себеби ал түз эле айдап келе жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсык болгон жолдун тилкеси бурулуш жеринде болгон. «Хонда Степвегон» унаасы ошол бурулуштан түптүз эле келип, каршы тилкеге чыгып, «Вольво» менен сүзүшкөн. Натыйжада «Хонда Степвегон» унаасы үчкө бөлүнүп кеткен. Ал болжол менен саатына 100 чакырым менен келе жаткан. Жолдо эч кандай тормуз берүүнүн белгилери жок. Ал эми «Вольво» унаасы тормоз баскан. Кырсык болгон жерде ыкчам тергөө кызматкерлери иштеп жатат.

«Хонда Степвегон» унаасы айдоочусу такси кызматында иштеп, Бишкек шаарынан Токтогулга кетип жаткан. «Вольво» болсо Баткенден чыгып, Бишкек шаарына келе жаткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...