• Башкы бет
  • Оштун мэри 20га жакын долбоорду ишке ашыруу ниети бар экенин билдирди
17:28, 2021-ж., 23-август

Оштун мэри 20га жакын долбоорду ишке ашыруу ниети бар экенин билдирди

Оштун мэри 20га жакын долбоорду ишке ашыруу ниети бар экенин билдирди

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бүгүн, 23-август күнү журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анда мэр журналисттердин суроосуна жооп берип, 20га жакын долбоорду ишке ашыруу ниети бар экенин айтты.

"Азыр 20 долбоор бар. Ишке ашырса болот. Бирок азыр аны ачыктабай эле турайын. Бул долбоорлор боюнча 26-август күнү депутаттарды астында айтам",-деди Мамбетов.

Калаа башчысы ошондой эле бир катар долбоорлор бар экенин, аларды ишке ашыруу үчүн акча каражаты көп талап кылынганын белгиледи.

"Ош шаарында таза суу маселеси бар экен. Аны чечүү  үчүн бир катар варианттар бар. Анан, башта таза суу маселесин чечип алалы, кийин суунун тарифин көтөрүү боюнча маселени карап көрөбүз",-деди А. Мамбетов.

Мамбетов болжолдуу анын сүрөтү делген окуя боюнча түшүндүрмө берип, Балыкчы шаарында мэр болуп турганда мурунку мэр менен болгон аудио жазуусуна да жооп берди.

"Бишкекте тартылган сүрөт боюнча айтсам, сүрөттөгү мен эмесмин. Мен ал убакта башка жакта болчумун. Ал убакта Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт болчумун. Коррупция менен күрөшүү иштери болуп жаткан. Ошондой улам буюртма кылып чыгарышкан. Аны жасаган адамдарды билем. Алар азыр коррупцияга байланыштуу СИЗОдо отурушат. Ал эми Балыкчы шаарынын мурунку мэри менен болгон аудио жазуу чын. Ал боюнча айып пул төлөгөм. Ал киши менен жолугуп, эркекче сүйлөшүп алганбыз",-деди Мамбетов.

Шаар башчысы жасала турган иштер алдыда экенин, маалымат жыйында жарандык активисттер тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...