
17:24, 2021-ж., 23-август
Данияр Жаныкулов Оштогу төрөт үйүн текшерди

Данияр Жаныкулов Ош облустук төрөт үйүн капысынан текшерүүгө алды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов санитардык көзөмөл мекемесинин дарыгерлери менен биргеликте Ош облустук төрөт үйүнүн абалын текшерди. Өкүлдүн орун басары облустук төрөт үйүндөгү бир катар кемчиликтер бар экенин айтты.
“ Ош облустук төрөт үйүнө мамлекеттен бөлүнгөн акча максаттуу жумшалып жатканын аныктоо үчүн жерине барып текшерип, бир топ кемчиликтерди билдик. Аталган мекемеде тамак -аш коопсуздузугу сакталбайт экен, чарбалык жумуштар дээрлик 80% аткарылбаптыр. Ошондой эле дары-дармек, азыктарды сактоочу жайлары да санитардык талаптарга жооп бербейт экен ”,-деди Данияр Жаныкулов
Мындан сырткары өкүлдүн орун басары бейтаптардын туугандары менен жолугушуп көйгөйлөрүн укту.
“Төрөгөнү келген энелердин туугандары менен жолукканда облустук төрөт үйүнө көптөгөн сындарды айтышты. Мисал катары айтсам төрөгөнү келген бейтаптардан 150 сом фондко деп акча алышат экен. Андай болбойт! Мамлекеттен төрөт үйүнө жыл сайын каражат бөлүнөт. Төрөткө келген аялдардан эч кандай тыйын алынбашы керек, аларга акысыз кызмат көрсөтүлүшү керек. Мындан ары ооруканалардагы мыйзамсыз акча чогултмайларды токтотууга күчүбүздү жумшайбыз”,-деди өкүлдүн орун басары.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун кошумчалашынча текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлер баа берилип, чара көрүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерин кабыл алып, бейтаптарга берилүүчү тамак-аш, дары-дармектерде коррупциялык элементтер бар экенин айтып, ооруканалар текшерүүгө алынаарын айткан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер