
11:21, 2021-ж., 23-август
Гаитиде жер титирөөдөн улам 2 миңдей киши каза болуп, миңдеген киши жаракат алды

Жекшемби күнү Гаитиде күчү 7.2 баллга жеткен жер титирөө катталып, 2,000дей киши каза болду. Миңдеген адамдар жаракат алды. Бул тууралуу BBCнин кыргыз кызматы жазды.
Маалыматка караганда өлкөнүн түштүк-батышы, айрыкча Ле-Ке шаарынын айланасы зилзаладан катуу жабыр тартты.
Шаарда куткаруучулар урандыларды курулуш техникалары менен тазалап жатат, бирок аман калгандарды издөө оор болууда.
Куткаруу аракеттерине ушул жумадагы тропикалык Грейс бороону алып келген нөшөр тоскоолдук жаратты.
Оң миңдеген адамдар зилзаланын натыйжасында үй-жайсыз калды. Алар бороонго туруштук бериш үчүн бышык эмес брезенттерде баш калкалаш керекпи же урайын деп калган тамдарына кайтыш керекпи деген тандоонун алдында калышкан.
БУУнун айтыманда, 500 миңдей жаш баланын баш калкага, таза сууга жана азык-түлүккө болгон жеткилиги жок же чектелген.
Гаитиликтер Экономикалык жана коомдук жардам фонду тарабынан берилген гуманитардык жардамдын бир бөлүгү катары азык-түлүк пакеттерин алыш үчүн кезектерде турушкан (төмөндө).
АКШнын жээктерди коргоо кызматынын өкүлдөрү дагы Ле-Кедеги Офатма ооруканасында медициналык жардам алып келгенин көрүшкөн.
Премьер-министр Ариел Генри жаңы президенттик шайлоо өткөнгө чейин бийликте болот. Ал өлкө боюнча бир айга созулган өзгөчө кырдаал жарыялап, калкты “тилектештик билдирүүгө” чакырды
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер