
11:14, 2021-ж., 23-август
Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулайт

Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.
Сессия Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.
Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер