14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан салтанатта билдирди.
«Кудай мага күч-кубат берсе, кийинки оюндарга катышам. Алтын алуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм», - деди ал.
Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн болгон беттеште 3:4 эсебинде жеңилип, күмүш байгеге ээ болгон.
Комментарийлер