• Башкы бет
  • Баткенде унааларга тажик тараптан таш ыргытылды
11:06, 2021-ж., 23-август

Баткенде унааларга тажик тараптан таш ыргытылды

Баткенде унааларга тажик тараптан таш ыргытылды

Тажикстан жарандары Ош—Баткен—Исфана жолунда келе жаткан унааларга таш ыргытышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар шилтеме берүү менен жазды.

Окуя 22-август күнү саат 00:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш тилкесинде болгон. Тажикстандын жарандары «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү кичи автобустарына таш ыргытышып, анын кесепетинен терезелери сынган.

Кечээ, 22-августка карата Баткен облусундагы коомдук-саясий абал туруктуу деп бааланууда. Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги аскер кызматчылары күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат.

Кийинчерээк УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы 22-августта саат 00:30 чамасында Баткен—Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эки автоунаасына таш ыргытышкандыгын билдиришти.

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын эшиги, «Хонды Стрим» үлгүсүндөгү унаанын айнеги сынган. Жабыркаган жүргүнчүлөр жок.

Бул факты боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кабарланган. Өз кезегинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тараптардын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...