• Башкы бет
  • Ооганстанда полицянын башчысы талибдер тарабынан өлтүрүлдү
13:10, 2021-ж., 21-август

Ооганстанда полицянын башчысы талибдер тарабынан өлтүрүлдү

Ооганстанда полицянын башчысы талибдер тарабынан өлтүрүлдү

 Афганистандагы бийликти өз колуна алган «Талибан» кыймылы бардык чиновниктерге жана афган аскерлерине мунапыс жарыялаган. Бирок ага карабай, талибдер Бадгис провинциясынын полициясынын жетекчиси Хаджи Мулла Ачакзайды өлтүрүштү. Бул тууралуу «News Week» басылмасына шилтеме берүү менен "Акипресс" агенттиги жазды.

Ачакзай көзү таңылып, тизелеп отурганда тартылган видео кечээ, 19-августта Твиттерде тарады. Анда аны талибдер тегеректеп турганын жана Ачакзайга бир нече жолу ок чыгарышканын көрүүгө болот.

Видеону «Талибан» менен байланышы бар топ жарыялаган. Анын чын-төгүнүн полиция кызматкерлери жана чиновниктер текшеришкен.

Ошондой эле буга чейин талибдер Ачакзайды аңдып келишкени айтылат. Себеби Ачакзай афган өкмөтү менен бирге көп жылдардан бери «Талибанга» каршы согушуп келген.

«Ал талибдердин курчоосунда калган жана өткөн түнү колго түшүп берүүдөн башка аргасы калган эмес. Ачакзай чалгындоо органында чоң кызматты ээлеп келген, ошондуктан «Талибан» аны бутага алган», - деп билдирди маркумду тааныган афган чиновниги.

Жакында эле талибдер Тахар провинциясында паранжа кийбеген аялды атып өлтүрүшкөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...