• Башкы бет
  • Нарында жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, бир күндө жерге берилди
10:44, 2021-ж., 21-август

Нарында жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, бир күндө жерге берилди

Нарында жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, бир күндө жерге берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо жана Кызыл-Белес айылындарында бир күндө 7 адамдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Маалым болгондой, маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 19-августта өттү.

Жол кырсыгында каза болгон 7 жарандын ичинен: 1947-туулган Т.Жанболот Кызыл-Белес айылында жерге берилсе, 1976-туулган Д.Сагын, 1961-жылы туулган С.Турдубүбү, 1959-жылы туулган И.Эркинбүбү, 1962-жылы туулган М.Ырсалынын сөөгү Тоголок Молдо айылында жерге жашырылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алган жараатынан мүрт кеткендердин эң кичүүсү 4 жаштагы бала болгон. Ал апасы — 1994-жылы туулган Э.Айсулуу менен чогуу жерге берилди. Ал эми атасы — 1990-жылы туулган Н. уулу И. 5 жаштагы дагы бир баласы менен Кочкор районунун ооруканасында жатат. Н. уулу И. кырсык болгон күнү үй-бүлөсү менен айылга бара жаткан.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1999-жылы туулган тургуну К.К. жүк ташуучу «МАН 8» үлгүсүндөгү унаасына Кытайдын ар кандай товарлары салынган темир контейнерин жүктөп, Бишкек шаарына бара жаткан. Кубакы ашуусунда төмөн түшүп бара жатып, унаанын тормозу кармабай калган. Бурулуштан бурулуп, жолдун каршы тилкесинде Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1983-жылы туулган тургуну У.А. айдап келе жаткан жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынан качам деп, жолдун карама-каршы тилкесине кулап түшүп, сүрүлүп барып «Мерседес-Бенц Спринтерге» урунган. Андан кийин «Мерседес-Бенц Спринтер» ала салып кеткен. Жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц Спринтердин» 5 жүргүнчүсү кырсык болгон жерде, 2 жүргүнчүсү Кочкор райондук ооруканасында каза болгон. 2 айдоочу менен 16 жүргүнчү Кочкор райондук жана Балыкчы шаардык ооруканаларга жаткырылган.

Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон адамдар:

1. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1947-жылы туулган тургуну Т.Жанболот (кырсык болгон жерден);

2. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1962-жылы туулган тургуну М.Ырсаалы (кырсык болгон жерден);

3. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1976-жылы туулган тургуну Д.Сагын (кырсык болгон жерден);

4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1994-жылы туулган тургуну Э.Айсулуу (кырсык болгон жерден);

5. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1961-жылы туулган тургуну С.Турдубүбү (кырсык болгон жерден);

6. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1959-жылы туулган тургуну И.Эркинбүбү (ооруканадан);

7. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 2017-жылы туулган тургуну Н.А. (ооруканадан);

Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган адамдар:

1. Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылынын 1965-жылы туулган тургуну О.Г. (Балыкчыдагы ооруканада);

2. 1967-жылы туулган Э.Д. (Балыкчыдагы ооруканада);

3. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 2015-жылы туулган тургуну Н.А. (Балыкчыдагы ооруканада);

4. Ак-Талаа районунун Куртка айылынын 2007-жылы туулган тургуну К.А. (Кочкордогу ооруканада);

5. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.Ж. (Кочкордогу ооруканада);

6. Ак-Талаа районунун Куртка айылынын 2006-жылы туулган тургуну Б.Э. (Кочкордогу ооруканада);

7. Ак-Талаа районунун Куртка айылынын 2006-жылы туулган тургуну М. уулу Б. (Кочкордогу ооруканада);

8. Ак-Талаа районунун Куртка айылынын 2006-жылы туулган тургуну Т. уулу Баяман (Кочкордогу ооруканада);

9. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1983-жылы туулган тургуну А.У. (Кочкордогу ооруканада);

10. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1990-жылы туулган тургуну Н. уулу И. (Кочкордогу ооруканада);

11. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1973-жылы туулган тургуну Н.Г. (Кочкордогу ооруканада);

12. Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1999-жылы туулган тургуну К.К. (Кочкордогу ооруканада);

13. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1991-жылы туулган тургуну И. кызы Р. (Кочкордогу ооруканада);

14. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 2006-жылы туулган тургуну А. кызы С. (Кочкордогу ооруканада);

15. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Э.Н. (Кочкордогу ооруканада);

16. 2020-жылы туулган Ж.Д. (Кочкордогу ооруканада).

Жогорудагы жол кырсыгы боюнча топтолгон материал Балыкчы ШИИБде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...