10:17, 2021-ж., 21-август

Эки балбан байгелүү болушту

Эки балбан байгелүү болушту

Ушул күндөрү Уфа шаарында (Орусия) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар Калмира Билимбек кызы менен Сезим Жуманазарова байгелүү болушту. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтндагы маалыматка таянсак, Билимбек кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал монголиялык, америкалык жана орусиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Алтын байге үчүн белорусиялык Алесия Хетманава менен беттешип, бир гана упайдын айырмасында жеңилип (6:7), күмүш медал тагынды. 18 жаштагы Калмира Билимбек кызы эки жыл мурда кыздар арасындагы (кадеттер) дүйнө чемпионатында дагы күмүш байге алган.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 57 килограмм салмакта кыргызстандык дагы бир балбан кыз Сезим Жуманазарова коло байге алды. Ал 3-орун үчүн беттеште польшалык Патрисия Ева Стрельжикти 9:4 эсебинде жеңди. Жуманазарова ага чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп (4:4), чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Италиялык кыз финалга чыккандыктан Жуманазарова жооткотуучу таймашта Тефми Ахинса Фернандону 15:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган эле.

Билимбек кызы менен Жуманазарованы бул дүйнө чемпионатына аталары жеке машыктыруучу катары коштоп барышты. Калмиранын атасы Билимбек Капарбеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (Тбилиси, 2019).

Сезим Жуманазарова Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси. Атасы Дүйшөн Жуманазаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Жуманазаров кыздарынан сырткары кыз-келиндер күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу болуп саналат.

16-августта башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 22-августта аяктайт. Алгачкы мелдеш күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык балбан Махмуд Абдуллаев 79 килограмм салмакта коло байге алды. Грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар 20-августта башталды. Чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...