
20:07, 2021-ж., 20-август
Оштогу Ломоносов атындагы мектептин кошумча имараты бир айдын ичинде бүтөт

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин кошумча имараты бир айдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка караганда бүгүн, 20-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имартаттын курулушуна барып, аткарылган иштерди жеринен көрүп кайтты.
Аталган курулуштун тендерин “Бекстрой плюс” компаниясы утуп алган, 2016-жылдын 4-кварталында курулуш башталган.
"Бүгүн Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп, толук кандуу иш жүрбөй, курулуш токтоп калгандыгына байланыштуу 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн курулуш иштерин бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берди. Ал эми айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү боюнча октябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын да айтты.",-деп айтылат маалыматта.
Аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер