• Башкы бет
  • ИИМдин курсанттары зомбулукка кабылган адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү
16:54, 2021-ж., 20-август

ИИМдин курсанттары зомбулукка кабылган адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

ИИМдин курсанттары зомбулукка кабылган адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

2021-жылдын 16-17- августунда Ош шаарындагы ИИМдин Республикалык окуу борборунун курсанттарына 2 кундук тренинг болуп өттү. Бул тууралуу тренингдин уюштуруучулары билдирди.

Ага ылайык, тренинг "Теңдик идеяларын жайылтуу аркылуу зордук-зомбулуктун алдын алуу" маалыматтык кампаниясынын негизинде жүргүзүлдү.

"Тренинг учурунда дүйнөдө жана кыргызстандагы зордук-зомбулук боюнча акыркы статистика, окуялар, видео сабактар, алдын алууга арналган атайын көндүмдөр да жасалды. Курсанттар зомбулукка кабылган адамга биринчи жардам көрсөтүү, коргоо ордерин берүү эрежелери, виктимблейминг жана зомбулук учурун атайын органдарга маалымдоо боюнча билимин өркүндөтүштү. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын элесине арналган "Ала-качуу" фильми көрсөтүлүп, ала-качуу, кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча талкуулашты.",-деп айтылат маалыматта.

Маалыматтык кампания АКШнын өкмөтүнүн каржылоосу менен Saferworld жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду тарабынан колдоого алынып "Милициянын жана калктын социалдык шериктештини" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...