• Башкы бет
  • Эгемендүүлүк күнүнө карата Оштогу ат майданында байгесине 4 унаа коюлган көк бөрү мелдеши өтөт
16:46, 2021-ж., 20-август

Эгемендүүлүк күнүнө карата Оштогу ат майданында байгесине 4 унаа коюлган көк бөрү мелдеши өтөт

Эгемендүүлүк күнүнө карата Оштогу ат майданында байгесине 4 унаа коюлган көк бөрү мелдеши өтөт

Ош облусунда 31-август күнү улуттук ат оюндары боюнча Президенттин кубогу өткөрүлүп, байгесине 4 автоунаа коюлат. Мындай маалыматты Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов 31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди. 

31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:

Төлөйкөн айылында ат майданында Көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30;

Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт;

Ош облусунун райондорунда Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт;

Ош облусунун райондорунда Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт;

Ноокат районунда түштүк аймагынын ардагер воллейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт;

С.Ибраимов атындагы ОУДТ артисттери даярдаган “Кубат Бий” спектакль райондордо 10 күн көрсөтүлөт;

Баардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт;

“Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө жасалат;

Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан-Датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда “Тоо Театрларынын” 1- фестивалы өткөрүлөт;

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...