• Башкы бет
  • Ошто Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата кароо-сынак өтүүдө
16:42, 2021-ж., 20-август

Ошто Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата кароо-сынак өтүүдө

Ошто Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата кароо-сынак өтүүдө

Ош облусунда “Ырдын пири-Рысбай” аттуу кароо-сынак өтүүдө. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ана ылайык, бүгүн, 20-август күнү Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониясында Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата Ош облусунда “Ырдын пири-Рысбай” аттуу кароо-сынак өтүүдө.

Иш-чарада Рысбай Абдыкадыровдун айкелине гүл чамбар коюлуп, эскерүү менен башталып, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов жана Рыспай Абдыкадыровдун кесиптештери катышты.

Мындан сырткары Ош облусунун райондорунан тандалып алынган таланттуу аткаруучулар арасында кароо-сынак өтүп жатат. Сынакты өткөрүүгө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан акча каражаты бөлүнгөн. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...