
15:24, 2021-ж., 20-август
Кыргызстанга качкындар келген жок, - Чек ара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү интернет айдыңдарына Кыргызстанга Афганистандан качкындар келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбегендигин маалымдайт.
Ошону менен бирге Чек ара кызматы Афганистанда болуп жаткан окуяларды ага чектеш жайгашкан Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды көңүл коюп көз салып турат. Ошондой эле Чек ара кызматы эки тараптын кызыгуусун жараткан маалыматтарды алмашуу боюнча чектеш өлкөлөрдүн чек ара өкүлчүлүк аппараттары менен кош аракетенүүнү күчөттү. Ал эми Кыргызстандын күч структуралары жана мамлекеттик органдары менен мамлекеттик чек арада кырдаал курчуган учурда биргелешкен кош аракетенүүнүн мерчеми жана мезанизми түзүлүп иштелип чыкты.
"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек аймактарында коопсуздукту камсыздоо максатында кошумча чек ара постору коюлуп, Чек ара кызматы күч структуралары менен биргеликте пландаштырылган чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагына уруксат кагаздарынын негизинде өткөрүү жайлары аркылуу гана кире ала тургандыгын эскертет.",-деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик чек аранын баардык периметриндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүп, УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күнүмдүк тартипте кызмат өтөп жатышат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер