
15:20, 2021-ж., 20-август
Сириядан кайткан жаран кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын келишине жол бербөө максатында улантылып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж. кармалды.
"Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. кармалган А.Ж. чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды.",-деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш -чаралар жүрүп жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер