
15:16, 2021-ж., 20-август
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2021-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен областынын тургуну 1994-ж.т. С.Ж. аттуу КР жараны кармалды.
"Кармалган адам 2016-жылы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар зонасына кеткен. Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Афганистанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасына келген.",-деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда УКМК С.Ж. менен болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер