
09:27, 2021-ж., 20-август
Алмаз Мамбетов Кайгуул кызматтын кызматкерлери менен таанышты

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов менен биргеликте бүгүн милициянын кайгуул кызматынын аткарган кызматы, транспорт жана атайын каражаттары менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаар жетекчиси милиция кызматкерлерин атайын форма , атайын каражаттар, автомототехникалар менен камсыздоонун абалына кызыгып сурады. Жаӊыдан ачылып иштеп жаткан милициянын кайгуул кызматынын өзгөчөлүктөрүнө кызыкты.
Автотранспорт каражаттарынын техникалык жана атайын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сурады. Өзгөчө байланыш каражаттарынын сапатынын мыкты болушу зарылдыгына токтолду.
Бардык кызыккан суроолоруна бул кызматтын начальниги милициянын полковниги Альберт Абдикеримов тарабынан жооптор берилди.
Өз кезегинде Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жергиликтүү бийлик органдары ар убакта укук коргоо органдарына өзгөчө көнүл буруп келгендигине токтолуп, Ош шаарынын коопсуздугун камсыз кылууда ар бир жаран өз салымын кошуусу зарыл керектигин, Ош шаардык мэриясы дагы милицияга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер