09:21, 2021-ж., 20-август
Ош-Бишкек каттамынын айдоочуларына кырсыктардан сак болуу эскертилди

Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу максатында Оштон Бишкекке каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Жолугушууда ар бир айдоочу сапарга чыгуу алдында автоунаасынын техникалык абалын текшерүүдөн өткөрүп, өз убагында эс алып жана ылдамдыкты ашырбоо зарылдыгы айтылды. Аны менен бирге эле айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактап, адам өлүмүнө себепкер болбош үчүн эскертме баракчалары таратылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:24
Кечээ
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер