09:16, 2021-ж., 20-август

Кабулда журналистке кол салуу болду

Кабулда журналистке кол салуу болду

«CNN» телеканалынын кабарчысы Кларисса Уорд «Талибан» кыймылынын Кабул шаарындагы бийлигин чагылдырып, Афганистандагы акыркы окуялар тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип жатат. Ал командасы менен адаттагыдай жумушун жасап жүргөндө талибдердин кол салуусуна туш болду, деп жарыялады «Нaberturk», деп жазды "Акипресс" агенттиги.

  • Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.

Түз эфир учурунда топ адамдардын арасына барып калган Уорд жүзүн жабууну талап кылып кыйкырып жатышканын айтты. Жаңжал учурунда талибанчылардын бири аралашып, Уорд жана анын командасы репортаж даярдоого уруксат берилген журналисттердин бири болгонун айтты.

Уорд өзү айткан маалымат боюнча, Кабулда иштеп жатканда дайыма жоолук салынып турган. Бирок паранжа кийген эмес. Ал эми жоолугу жок жүргөндөгү сүрөт жеке кампуста тартылганын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...