
14:04, 2021-ж., 19-август
Ысык-Көл облусунун башчысы бир катар конокторду тосуп алды

Бүгүн, 19-август күнү таң эрте Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковду, андан соң Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны тосуп алды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат. Жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышат.
Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт. Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат. Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер