• Башкы бет
  • Өлкөдө билим берүү тармагында иштеген 60 миңден ашуун адам эмделди
14:00, 2021-ж., 19-август

Өлкөдө билим берүү тармагында иштеген 60 миңден ашуун адам эмделди

Өлкөдө билим берүү тармагында иштеген 60 миңден ашуун адам эмделди

Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин 39,41%, же 60 миңден ашык кызматкер коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргенин "Азаттык" жазды.

Анын айтымында, окуу жылын салттуу ыкмада (оффлайн) баштоо үчүн дагы педагогдордун дагы 30%и эмдөөдөн өтүшү керек.

Мектепке чейинки уюмдарда иштеген кызматкерлер 92,7%, мугалим жана мектеп тарбиячылар 51,9%, баштапкы кесиптик билим берүүдөгү педагогдор 59,4%, орто жана атайын билим берүүчүлөр 41,3%, жогорку окуу жайда иштегендер 32,6% эмделди.

Кыргызстанда жалпы 150 миңден ашуун адам агартуу жаатында эмгектенет.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган.

Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...