
13:51, 2021-ж., 19-август
Президент эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көлгө барат

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Мындай маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Анда айтылгандай, Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот.
Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.
"Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.",-деп айтылат маалыматта.
19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер