• Башкы бет
  • Ошто өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлөт
13:36, -ж., 19-август

Ошто өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлөт

Ошто өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлөт

Ош шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан бир нече спорттук иш чаралар уюштурулууда. 

- 19-август күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында “Футбол жана сууда сүзүү” спорт мектебинде (Дельфин бассейни) сууда сүзүү боюнча иш-чара уюштурулат. 

- 21-август күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында волейбол боюнча мелдеш Манас-Ата кичи шаарчасындагы спорт комплексте өтөт. 

- 30-31-август күндөрү Ош шаарынында жайгашкан бардык каалоочулар жана коноктор арасында теннис боюнча спорттук иш-чара болот. 

- 31-август Ош шаарынын борбордук аянтында күрөш, аркан тартыш, гир көтөрүү жана кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулуп, Ош шаарынын эс алуучу парктарда (Т. Сатылганов жана А. Навои) тогуз коргоол, ордо жана шахмат боюнча иш-чаралар өтөт. 

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...