
21:44, 2021-ж., 18-август
УКМК Фарид Ниязовдун айткандары боюнча жооп берди

УКМК Ф.Ниязовдун бүгүнкү жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусунда, УКМК жана ИИМ органдарын айыптоо аракети жана ошондой эле өзүн күнөөсүз "жабырлануучу" катары көрсөтүүсүнө карата төмөнкүлөрдү билдирүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Ф.Ниязовдун жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусуна байланыштуу, өзүн күнөөсүз "курмандык" катары көрсөтүүгө аракет кылып, УКМКнын жана ИИМдин органдарын айыптоосуна карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт:
"Ф.Ниязов бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган адам катары абакта жатып, ЖМК аркылуу дайыма маалыматтык четтөөлөрдү жасап келет. Бул жолу да ал өзүнө "абийир туткуну" менен "саясий туткундун" көрүнүшүн берүү аракетин жасоодо. Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ф.Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган.",-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда, коомчулукка белгилүү болгондон тышкары, Ф.Ниязовдун сот караган негизги айыпталуучулардын бири болгон кылмыш иштерине байланыштуу ал камакта, жана ошондой эле ИИМ тергөө органдары тарабынан чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандарынын паспортун мыйзамсыз берүү фактыларына катыштыгы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Ишти аяктоо стадиясында жана кароого сотко өткөрүлүп берилди, анын жыйынтыгында Ф.Ниязовдго тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.
"Буга байланыштуу УКМК Ф.Ниязовго, негизсиз айыптоолордун ордуна, мурдагы ишмердүүлүгүн аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын талдоосуна кеңеш берет. Жана жеке көйгөйлөрүнүн башаты анын адилеттүүлүккө жетпестигин айтып кетет.",-деп айтылат маалыматта.
Анын бүгүнкү абалына өзүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгү, болгондо да кылмыш жоопкерчилиги каралган бир катар эпизоддордогу аракеттери негиз болууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер