16:08, 2021-ж., 17-август

Көмтөргө тышкы башкаруу узартылат

Көмтөргө тышкы башкаруу узартылат

Кумтөр Голд» компаниясындагы тышкы башкаруу узартылат. Бул тууралуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк “Азаттыкка” маалымдаган.

 "Азаттык" радиосу жазгандай, тышкы башкарууну узартуу жөнүндө Министрлер кабинетине сунуш берилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы күндөрү чечим кабал алынарын маалымдады.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26 пайыздык үлүшүнүн наркы да төмөндөдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...