
10:58, 2021-ж., 17-август
Президенттин Ош облусундагы өкүлү тош-аштардагы чыгымдарды кыскартууну тапшырды

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-август күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековду кабыл алды. Жолугушууда ысырапкерчиликти жоюу, той-аш жана кишини жерге берүүдөгү салттарды аткарууда бирдиктүү эреже киргизүү боюнча сүйлөшүштү.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов экстремизм, терроризмди алдын-алуу үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана салттуу динди кармануу зарыл экенин айтты.
“Өлкөдө ар кайсы диний агымдарга кирип алган жарандарыбыз да бар. Алар намазды жаңы үйрөнүп жаткан балдарды башка багытка үндөп коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз салттуу динди карманып, сиздер бул жаатта иш алып барып жана терроризм менен экстремизимге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүшүңүздөрдү суранам ”, -деди Ош облусунун башчысы.
Мындан сырткары, Ош облусунун аймагындагы мечиттердин тазалыгына көңүл бурууну сунуштады.
“Ислам дини негизи тазалыкты сүйөт дейт. Ошондуктан өзүбүздүн эле тазалыкка маани бербей, мечиттерди да ирээтке келтиришибиз керек. Ош облусундагы жалпы мечиттердин ичи, сыртындагы тазалыка көңүл буруңуздар. ”,-деди Зиядин Жамалдинов.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер