• Башкы бет
  • Мас айдоочу кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качып баратып аварияга учураган
10:53, 2021-ж., 17-август

Мас айдоочу кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качып баратып аварияга учураган

Мас айдоочу кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качып баратып аварияга учураган

Кечээ, 16-август күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жарандардан кабар түшкөн. Анда Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан СМУТТ аймагында «ДЭУ Лачетти» үлгүсүндөгү унааны белгисиз айдоочусу мас абалында башкарып келе жатканы айтылган. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда аталган жерге Милициянын кайгуул кызматынын жакынкы аралыкта кызмат өтөп жаткан экипажы барган. Күбөлөрдүн айтымында, мас абалындагы жаран алкоголдук ичимдиктерди сатып алып, өз унаасына отуруп, белгисиз тарапка кеткен.

«Патрулдук милициянын кызматкерлери жол кырсыгын алдын алуу үчүн мас айдоочуну издей башташкан. Аталган унаа Жапалак айылында экени аныкталган. Ал милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, катуу ылдамдыкта качып кетүүгө аракет кылган. Көп өтпөй Жапалак айылына караштуу Качыбек участкасынын Ташиев көчөсүндө жайгашкан электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогону маалым болгон.1982-жылы туулган айдоочу Э.И. Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилип, бүгүн, 16-август күнү түштөн кийин каза тапты», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Жол кырсыгы» катары катталып, тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызматы өткөн аптада Ош шаарында мас абалдагы 38 айдоочуну аныктады.

2021-жылдын 7 айында шаарда 726 айдоочу мас абалда унаа башкарып жүргөндө токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...