
10:48, 2021-ж., 17-август
Өзбекстан аркылуу өткөн ооган учактары жана тик учактары мажбурлап кондурулган

Афганистандын 22 аскердик учагы жана 24 аскердик тик учагы Өзбекстандын түштүгүндөгү Термез аэропортуна мажбурлап кондурулду. Алар Өзбекстандын аба майданындагы эрежени бузушкан. Бул тууралуу "Акипресс" жазды.
Өзбекстандын башкы прокуратурасы тараткан маалымат боюнча, бортто Афганистандын куралданган 585 аскер кызматкери болгон.
Расмий маалымат боюнча, 15-августта Афганистандын 3 «ЭМБРАЙЕР-314» учагы Каршидеги «Ханабад» аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термездеги аэропортко конуу тууралуу көрсөтмө алып, учактарды коштоо үчүн 2 «МИГ-29» учагы асманга көтөрүлгөн.
Бирок Сурхандарыя облусунун Шерабад районунун аймагынан Афганистандын «ЭМБРАЙЕР-314» учагы менен Өзбекстандын «МИГ-29» аскердик учагы кагышкан. Ичиндеги адамдар парашюттардын жардамында аман калышкан.
Ошол эле күнү Афганистандын 158 аскер кызматкери Өзбекстандын аймагына дарыя аркылуу мыйзамсыз өткөнү айтылды. Учурда тиешелүү беренелер менен текшерүү иштери жүрүп жатат.
Көп узабай Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кайра бул маалыматтарды жокко чыгарды. Расмий билдирүүдө маалымат толук такталбаганы жана так эмес маалыматты шашылыш тараткан прокуратуранын өкүлдөрү кечирим сурай турганы айтылат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер