• Башкы бет
  • Ош шаарындагы унаа базарда мыйзамсыз унаа токтокондор жазаланууда
14:25, 2021-ж., 16-август

Ош шаарындагы унаа базарда мыйзамсыз унаа токтокондор жазаланууда

Ош шаарындагы унаа базарда мыйзамсыз унаа токтокондор жазаланууда

Ошто Жапалак унаа базарында мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар менен күрөшүү иштери күчөтүлдү. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы Жапалак унаа базарында, таңкы саат 5тен баштап, мыйзамсыз токтоочу жайларга каршы иш жүргүзүлүүдө.

Иш -чараларга унаа базарынын кызматкерлери, патрулдук милициянын,  ИИМ атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышууда.

Негизги максат - тыюу салынган жол белгилеринин астына коюп алып унаа сатып жаткандар менен, унаасын токтоткондор менен күрөшүү болуп саналат. Анткени унаа тыгындары пайда болуп, тоскоолдуктар жаралып жаткан. Ошондой эле, бул иш аракеттер жол эрежелери бузулушунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...