
10:32, 2021-ж., 16-август
Опузаланган жаран айыпталуучуларды доого жыкты

Ош шаардык соту опузалап акча талап кылуу боюнча эки тургундун жазык ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Шерзод (аты өзгөртүлдү) 1970-жылы Ош шаарында туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурун соттолгон эмес.
Ал Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен айыпталып, бөгөт коюу чарасы үй камак түрү тандалган.
Карим 1986-жылы Ош шаарында туулган, билими орто, аялы менен ажырашып кеткен, 1 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон.
Ал бул жолу Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен айыпталып, бөгөт коюу чарасы үй камак түрү тандалган.
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Шерзод менен Карим 2021-жылдын 19-февралында материалдык пайда көрүү максатында тергөө тарабынан белгисиз болгон жаран менен алдын ала сүйлөшүп, жабырлануучу Азизден «Шерзодго карызсың» деп 1000 долларды опузалоо аркылуу талап кылышкан. Жабырлануучу бул каражатты берүүгө макул болгондо айыпталуучулар акчаны өткөрүп алуу үчүн шарттарды коюшкан.
2021-жылдын 27-февралында жабырлануучу алар койгон талаптарды аткаруу менен айыпталуучулар менен чогуу Ош шаарындагы нотариалдык конторалардын биринде жолугушкан. Ал жерде Азиз карызы бар экени боюнча тил кат жазып берген. Андан кийин Шерзод талап кылган 1000 долларды алган. Ошол маалда алар УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Натыйжада Шерзод менен Карим мыйзамсыз түрдө алган 1000 долларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берген.
Тергөө убагындагы 4-март күнү Шерзод менен Карим Ош облустук прокуратурасында күнөөнү мойнуна алуу боюнча макулдашуу түзүшкөн. Ал Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын токтому менен бекитилип, жазык иш 25-майда Ош шаардык сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн.
Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу айыпталуучулар тергөө убагында күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн, макулдашуу боюнча алар бардык талаптарды толук аткарганын, ошондуктан Жазык кодексинин 80-беренесине ылайык мойнуна алуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн жазаны белгилөөнү сурады.
Азиз жана анын жактоочусу айыпталуучулар менен жарашып алганын, ошондой эле айыпталуучулар макулдашууда көрсөтүлгөн жазаны белгилөөнү сурады.
Шерзод менен Карим сотто күнөөлөрүн толук мойнуна алып, макулдашууда көрсөтүлгөн жаза белгилөөнү сурады.
Жыйынтыгында Шерзод менен Карим Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, ушул кодекстин 80-беренесине (Күнөөсүн мойнуна алуу же кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) ылайык, ар бири эсептик көрсөткүчтүн 2600 (260 000 сом) өлчөмүндө айып пулга кириптер болушту.
Шерзод менен Каримдин үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бөгөт коюу чаралары жана ал боюнча жүктөлгөн милдеттер алынып салынмай болду.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер