16:36
-ж., 23-сентябрь
2024-жылы Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештердин программасынан алынып салган спорттун түрлөрүн жарыялады.
Франциянын борбор шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген спорттун 3 түрү алынып салынды.
Ошондой эле Парижде спорттун жаңы түрү пайда болот.
2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Парижге карате, бейсбол жана софтбол менен алектенген спортчулар барбайт. Бирок спорттун жаңы түрү катары брейк-данс киргизилет.
Парижде жалпысынан спорттун 28 түрү боюнча медалдар ойнотулат.
Париждеги Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлда башталып, 11-августка чейин созулат.
Комментарийлер